5-октябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Түштүк Корея артисттеринин концерти өтөт. Көрүүчүлөргө фольклордук топ жана "Кей Пап" эстрадалык тобу өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирет. Ал эми 7-октябрда аталган театрда түштүк кореялык артисттердин Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери менен биргелешкен концерти болмокчу.