Штаб: "Мектептердеги, ЖОЖдордогу жана бала бакчалардагы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо тапшырылды"

Жалпы билим берүүчү мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчасынын кадимки режимдеги иши баскычтуу жандандырылууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл экенин белгиледи.

Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абал COVID-19 жаңы штаммынын аймакка кирүүсүнүн алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, жаңы жыл учурунда жана шайлоо процессиндеги карантиндик чаралардын талаптарын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыздоо чаралары каралды.

Республикалык штабдын мүчөлөрү, ошондой эле мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана бала бакчаларынын кадимки режимдеги ишин баскычтуу жандандыруу маселесин талкуулады.

"Биз окуу процессин уюштурууну жана балдарды өнүктүрүүнү жакшыртуу максатындагы жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу чечкиндүү кадамга бардык – аймактарда жана шаарларда мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчасынын ишин баскычтуу жандандыруу башталууда. Менин пикиримде, мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайдын студенттери чоң жоопкерчиликти түшүнүп, бет кап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздоосу тийиш. Мындан тышкары, балдардын иммунитетин чыңдоо, анын ичинде дене тарбия менен машыгуу, спорт жана тамактануу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек", - деди ал.

Эльвира Сурабалдиева ошондой эле медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

"Айрым медициналык мекемелердин короосунда жарыктандыруу жок, жолдор тайгак, имараттарында суук, ысык суусу каралган эмес, жабдуулар эскирген. Ушундай шарттарда бейтаптар жана балдар дарыланууга туура келүүдө. Мониторинг жүргүзүп, бардык ооруканалардын жана поликлиникалардын тийиштүү шарттары каралгандыгын текшерүүгө алыңыздар. Ар бир медициналык мекемеде элементардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү шарттары каралышы тийиш, ооруканага алып баруучу жолдор тазаланып турушу кажет. Мындан тышкары, дарылоо мекемелерин электр энергиялык генераторлор менен камсыздап, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына кандай деңгээлде жооп берүүсү текшерилиши керек", - деди вице-премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө пандемия учурунда калктын аяр катмарын колдоого алуу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министр калктын аяр катмарына жөлөк пул чегерүү жана башка социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларына байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарынын жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

"Жарандардан жер-жерлердеги социалдык көмөк алуунун кыйынчылыктары, анын ичинде жашаган жери боюнча каттоосунун жоктугу боюнча кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу нааразычылыктар келип түшүүдө. Калктын аярлуу катмарына тейлөө көрсөтүүнүн тийиштүү деңгээлин камсыздоо зарыл. Бир дагы кайрылуу социалдык кызматтардын көңүлүнөн тыш калбашы зарыл. Мен аярлуу категориядагы жарандарга өзгөчө көңүл бурулушун жана алардын маселесин чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүлүшүн өтүнөм", - деди ал.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан