Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы “Жапалак” унаа базарынын курулушунун экинчи этабынын ачылышы болду. Иш-чарага шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов, шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров, вице-мэрлер Алимжан Байгазаков менен Рустам Мирзаматов жана жергиликтүү тургундар катышты. “2014-жылдын аягына чейин борбордук базар Жапалак аймактык башкармалыгына которулат. Кыргызстанга келген бардык чет элдиктер биздин шаарга келип кетет жана биздин унаа базарга кызыгышат, бул биздин "фишкабыз”,- деди шаар башчы. Мындан сырткары, шаар башчысы аталган базардын жанына 30 гектар жерди ээлеген унаа тетиктеринин базары жайгаша турганын кошумчалады.