Өткөн аптада Вашингтондо орун алган башаламандыктардан кийин Капитолийдин айланасы тосулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Эскерте кетсек, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтон шаарындагы Сенат залына кирип барышкан. Митингге чыккандар жана полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп бир нече адам көз жумган.
Көп өтпөй Дональд Трампка импичмент жарыяланган жана анын көптөгөн социалдык тармактагы баракчалары кара тизмеге киргизилген.
Интернет колдонуучулар Кыргыз өлкөсүндө октябрь айында орун алган окуялардан кийин тосмолору алынган Ак Үй менен Капитолийдин азыркы көрүнүшүн салыштырып көрүшкөн.