"Бүгүн баары келген жок деген жүйөө менен соттук отурум өткөн жок. Кагаз түрүндө өтүнүч бергенбиз. Соттук отурумду 28-январга жылдырышты. Анда Алмазбек Атамбаев келет деп кепилдик бере албайбыз. Анын омурткасында грыжа бар", - деди ал.
Айрым маалымат каражаттары Атамбаевге операция жасалышы керектигин жазып чыгышты.
Жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевге операция жасалышы керекпи же жокпу дарыгерлер аныктай турганын белгиледи.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.
Орус тили расмий макамында калат
13-январда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров Орусиянын "Россия 24" телеканалына маек берди.
Анда Жапаровго "Орусия Кыргыз өлкөсү үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп келесиз. Орус тили дагы бул жерде расмий болуп саналат. Орусия менен мамиле кандай өзгөрөт?" деген суроо узатылды.
13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КМШ алкагында автотранспорт каражаттарын уурдоого бөгөт коюу маселеси каралды.
Анда депутат Айнуру Алтыбаева "Кыргыз өлкөсүнөн уурдалган унаа чет өлкөдөн табылса, ээсине кайтарылабы?" деп суроо берди.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мындай учурлар жаралган жагдайда ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөргө чара көрүү менен 1 жыл ичинде ээсине кайтарылып берилерин белгиледи.
Жыйынтыгында парлементте КМШ катышкан мамлекеттердин укук коргоо органдарынын шериктеш өлкөлөрдүн аймагында уурдалган унаалар жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуу жолу менен автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты.
Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына анын атын жамынып, опузалап акча талап кылган жарандарды укук коргоо органдары камакка алуусун айтып, билдирүү таратты.
"Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!
Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо да дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт", - деп жазылат билдирүүдө.