Ош музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын директор болушуна каршылыгын билдирип чыгышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барары маалымдалган. Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.

"2018-жылы Самара Каримованы окуу жайдын директорлук кызматына кандай критерийдин негизинде дайындаганын билбейбиз, эмнеге таянган? Ошол кездеги министр Азамат Жаманкулов иштен кеткенге чейин эч нерсе дебей, ал кетери менен сотко кайрылып жатат.

Биз жетекчилик алмашат дегенин угуп нес абалда болдук. Эмгек жамаат эмнеге каршыбыз? Биздин структураны түшүнбөгөн ырчыны алып келип, тажрыйбалуу адамды кетиргенине", - дешти алар.

Ал эми окуу жайдын учурдагы директору мыйзамга баш ийерин, кызматка жармашпай турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nursul
2021-01-14 15:14:32
Өзү музыкалык окуу жайга директор болгонго музыкалык билими барбы? Бар болсо билбейм анан билими жок эле иштейм деп талашып соттошуп атканы туура эмес эле го.
+13
Nargiza1987k
2021-01-14 15:27:39
Баары акча мененго дейм.
+12
Yahoo
2021-01-14 15:34:41
Эмне учун именно директор болгусу келип жатат?катардагы ишчи болуп иштеп корбойбу же мугалим болуп.Таланты болсо окуучулар менен болушсун, уйротсун.Директор болгусу келсе озуно ашкана, кафе ачып директор боло берсинда.Мамлекеттик мекемелерде иш алып барчу тажрыйбасы жок болуш керек.
+14
futboler
2021-01-14 15:52:57
Садыр ата деп кайрылбаптыр да, же аяш дейби?)))
+9
Gulina90
2021-01-14 17:14:42
Самара директор болбосоң жашоон токтоп калабы.Ошол жерде иштеген эмгеги сиңген адамдар барда.
+9
nurik73
2021-01-14 17:40:30
Кайсы эмгеги учун эмгек синирген болуп жатышат тан калычтуу. Маданыят министирлигин текшериш керек канча наамды мыйзамсыз сатышкан. Эки ыр ырдап койгон эле неме деректир боло калабы. Биз Садыр Нургожоевич келсе адилеттуулук орнойт деп ишенип жаттык эле. Калыс чечилет деп ишенебиз.
+8
Baktiyar731
2021-01-14 20:03:53
Эч кандай опыты жок адамды эле башчылыкка коюп койгон туурабы, коллектив кабыл албаса.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан