Жактоочу: "Бүгүн сотто Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү каралган жок"

Бүгүн, 14-январда Биринчи Май райондук сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн караган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

"Бүгүн баары келген жок деген жүйөө менен соттук отурум өткөн жок. Кагаз түрүндө өтүнүч бергенбиз. Соттук отурумду 28-январга жылдырышты. Анда Алмазбек Атамбаев келет деп кепилдик бере албайбыз. Анын омурткасында грыжа бар", - деди ал.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан