Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барары маалымдалган. Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жааматы Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.
Нааразы болгон кызматкерлер менен жолугушууда Самара Каримова жаңы шайланган президентке рахмат айтуу менен сөзүн баштады.
"Саламатсыздарбы? Садыр Нургожоевичке рахмат! Соттор мыйзамдуу чечим чыгарды. Мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп, арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Менин аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган. Мен бул иш боюнча арыз жазып, сотко кайрылып, жарым жылдан бери процесске катышып жүрөм. Сот министрликтин кылганы туура эмес деген чечим чыгарып берди. Мен сотко же тууганыма таянган жокмун.
Жамаат бул тууралуу маалыматыбыз жок болчу деп жатышат. Азыркы директор соттук иштер туурасында билчү, кечээ министрликке чейин чогуу барганбыз. Бизди министрлик кабыл алды, баары мыйзам чегинде болду", - дейт ырчы.
Ал эми ырчынын мындан аркы кадамдары тууралуу сурашканда ал сыртка чыгып кеткенин байкоого болот.