Турсунбек Акун жаңы акыйкатчыга иш бөлмөсүн бошотуп берди

Турсунбек Акун жаңы шайланган акыйкатчыга иш бөлмөсүн бошотуп берди. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев менен Акун бир имараттын эки башка бөлмөсүндө иштерин уланта бермей болушту. Жаңы акыйкатчы ишин баштаса, Акун ачкачылык кармоосун улантат. Бул тууралуу экөөнүн 4-октябрдагы жолугушуусунан кийин белгилүү болду. Акун Бакыт Аманбаевди сыйлаарын жана аны кырдаалдын курмандыгы болгонун белгиледи. 

 

Эске салсак, кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айткан Акун 16-сентябрдан бери ачкачылык кармоону улантууда. Жаңы акыйкатчы да мыйзамсыз шайланганын жар салган ал "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишине катыштыгы бар аткаминерлер кызматтан бошотулмайынча артка кайтпайм" деп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан