Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барары маалымдалган. Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.
Нааразы болгон эмгек жамааттын пикирлеринен:
"Музыкалык билими жок болсо, учурда 3-курста сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатса учурдагы министр кайсы негизде директорлук кызматка дайындап жатат?! Соттор дагы сатылып кеткен. Керек болсо Самара Каримованын ишин караган судьянын өзүн текшериш керек.
Биз жарым жылдык жыйынтыктар боюнча жыйналыш кылып жатканыбызда Самара Каримова жолдошу менен кирип келди. Биз чогулушубузду бүтүрүп алалы десек "буйрукту алдына таштап коёюн" деди ырчынын жолдошу.
Жетекчини бат-баттан эле алмаштыра берсе мугалимдердин дагы психологиялык жактан маанайы бузулуп, иштөөгө көңүлү жок болуп калат экен. Бизди иштеп жаткан директор канааттандырат, иштей берсин. Биз ал адам менен көптөгөн пландарды койгонбуз. Ошолорду ишке ашырышыбыз керек. Самара Каримованы жаман деген жокпуз. Эл аны ырчы, актриса деп билет. А бирок музыкалык билими жок да.
Эки күндөн бери эмгек жамааттын ишке болгон кызыгуусу жоголду. Бул окуу жай профессионал, классикалык музыкага жаштарды тарбиялаган мекеме. Жаштарды эстрадага же шоуго үйрөтүп салбасын деген ой болуп жатат. Эстрада, классика деген өз-өзүнчө тармак. Биздин талабыбызды министрлик карабаса тиешелүу жактарга кайрылабыз. Биздин казанды түшүнбөй туруп кызматка дайындоо туура эмес. Биз бул ырчы менен иштеше албайбыз. Анткени жетекчинин ролу чоң.
Эмнеге министрлик биздин окуу жай менен эсептешпейт? Эмнеге кайдыгерлик мамиле кылып жатат?".