Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын учурдагы директору: "Мен кызматымды тапшырып берем жана эч кимге арызданбайм"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барары маалымдалган. Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.

Ал эми чогулушта Самара Каримова сотко же эч бир тууганына таянбаганын айтып, баары мыйзам чегинде болгонун билдирди.

Аталган музыкалык окуу жайдын учурдагы директору Нурлан Каримов креслого жармашкан адам эмес экенин билдирип, кызматын тапшырып берерин айтты.

"Бизде жалпысынан 93 кызматкер бар, анын 53ү мугалимдер, ал эми студенттердин саны 220 болот. Жаңы жетекчи боюнча айта турган болсом, бүгүн келишип, буйрукту алып келип мага көрсөтүштү. Анда 15-январдан баштап Самара Каримова иштеп баштаары тууралуу жазылган экен, мен аны менен тааныштым. Мен бул жерде 2 жыл 3 айдан бери иштеп келем. Буга чейин окуу жай күйүп кетип, ошонун негизинде келип иштеп баштагам. Мен кызмакерлерге мыйзам чегинде иш алып барарымды түшүндүрүп, эч жакка чыкпагыла деп билдиргем. Мен кызматымды тапшырып берем жана эч кимге арызданбайм. Негативди жаман көрөм, креслого жармашпайм. Кечээ, министрликке барып сүйлөшкөндө да айткам, жөнөкөй кызматкер болсом да иштей берем. Маданият тармагында 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келем, эч кимден эч нерсе талашпайм", - деп билдирди учурдагы директор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Ulan899
2021-01-14 16:35:02
Директор чыныгы эркек экен.Самара сен ал кызматка татыктуу эмессин.Корбогондун коргону курусун дейт беле?Асан экоон Муз школду сауна кылып жибербесенер болду.
+31
Sara1993
2021-01-15 11:39:52
Ulan899,туура айттыныз, ОШтогу сауналардын 90 пайызы ошолордуку экен.
+2
Jelezo
2021-01-14 17:13:33
Мыйзам менен иш кыла бергиле,жаштар да иштесин.Самара жакшы кыз эми кызматын көрсөтсүн .
-22
Gulina90
2021-01-14 17:47:20
Тооба Самара өлгөнү калганбы,бул кишинин ошончо жылдык стажы бар экен,чогуу иштешкендер Самараны каалабаса кайсы бети менен иштейт.Бети бет эмес бетон экен.
+17
gulam
2021-01-14 17:56:50
Самара карындашымым каршылык корсоткон кызматкерлердин баарын жумуштан ал, жумуш издегендер коп ошолорду ишке ал, алга карындашым.
-18
Sara1993
2021-01-15 11:40:53
gulam,Самаранын тууганысызбы или кошоматчы
+3
rysik79
2021-01-14 18:20:40
Асандын саунасына директор болсоң жакшы болмок.
+16
umarbey
2021-01-14 18:24:06
Erkek ekensin brat.
+11
bessmertiy
2021-01-14 19:13:37
Дайыр Исмадияровго окшош экен
+1
Gospozhatsetok
2021-01-14 20:14:10
Башында жакшы эле чыкты эле Самара бул дагы айныды. Тойлорго барып ырынды ырдаап эле журо берсен болмок, кашыктап чогулткан кадырынды чомучтоп чачпай,эмне эле анча жабышып калдын креслого билбейм, муйуз чыкчуудай.
+12
Kari
2021-01-14 20:27:15
Самара директор болсо кыйратат та.Ырдап кыйратып атты эле.Уялбагандан озун уял дейт беле.Быйыл мыйзам чегинде деген соз мода болот окшойт.Мыйзамдын м сын билет бекен.Баарыны акча,тааныш чечип жатат да,мыйзамды да.Мурун шарыят буйлаган тоо,озуно карап буруп аласын дегенин уккан элем.Эми мыйзамды да ар ким оз кызыкчылыгына буруп бара жатат.Уялчы Самара.
+10
Asanali
2021-01-14 22:11:00
Акчан болсо талтанда талтанда. 4 ырды ырдап коюп мына кандай даражага жеттти
+9
zilish_kg
2021-01-15 00:51:40
Учурдагы директорду министрлик өздөрүнө чоң кызматка алса болмок экен, эмгек тажрыйбасы көп жөнөкөй мүнөз киши экен,билимин тажрыйбасын көп нерсеге колдонуп калыш керек мындай кадрлардын.
+6
Sara1993
2021-01-15 11:42:41
Самара Каримова лучше 1 сауна ачып алып директор болуп алыныз да ошол тармакты сиздин уй булоо аябай жакшы тушунот.Ар кимге барып место талаша бербей.Уятыныз жок , бетиниз бетон экен.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан