Бүгүн, 4-октябрда Оштун Өзгөн районундагы Фрунзе айылында 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Ушул эле күнү Кызыл-Дыйкан айылында дагы бир бала бакча ишке берилди. Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекет тарабынан 1 миллион 200 миң сом бөлүнүп берилиптир. Учурда курулуш иштери толук аяктап, жаңы эмеректер, оюнчуктар менен камсыздалганын райондун жетекчилигинен кабарлашты.