КРнын Президенти мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 4-октябрда президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев Билим берүү кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты жана президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Куттуктоонун тексти:

"Кымбаттуу мугалимдер! Сиздерди кесиптик майрамыңар – Мугалимдер күнү менен куттуктайм! Бул майрамды жылуу сезим жана ыраазычылык менен белгилейбиз. Мектептеги алгачкы күнүбүз, биринчи мугалимибиз ар бирибиздин эсибизде. Мугалимдик кесипти тандап, тагдырын бул ишке арнаган адамдарга карата жүрөктө ыраазычылык жана сый-урмат сезими өмүр бою сакталат. Эң татаал мезгилде сиздер өз кесибиңиздерди таштабай, балдарды окутуп тарбиялоого убактыңарды аябай, эмгектенип келесиздер. Өлкөнүн келечеги үчүн иштеп келе жатасыздар.Жаштарды окутуп гана эмес, өзүңөр да окуп, мезгилдин талабына жараша билимиңерди өркүндөтүү аракетиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Татыктуу эмгегиңер, акылмандык жана сабырдуулугуңар, балдарга чын ниет мамилеңер, өлкөбүздүн келечегине болгон ишеничиңер үчүн терең таазим этебиз.Кымбаттуу мугалимдер! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр каалайм. Өлкөбүздө тынчтык жана бейпилдик болсун!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан