"Ырчыларды башка чаппайлы". Илим Карыпбеков маданият министри Нуржигит Кадырбековго кайрылуу жасады

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков SUPER.KG порталы уюштурган талкууда маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго кайрылуу жасады.

Карыпбеков маданият министри өтө билимдүү, тажрыйбалуу, чет тилдерин суудай билген, оратор адам экендигин алгач баса белгилеп өттү.

"Нуржигит, иним, досум мындай айтат элем да. Министрлик наам деген башкача болот, ал жерде бакыйып, сабырдуу болуш керек. Бирок бюджетте бир тыйын жок экенин түшүнүп турам, кылам деген пландарыңдан бирөөнү да кыла албай жатканыңды мен деле түшүнүп турам, эл деле түшүнүп турат. Эми ошентип жатканда кичинекей таланттарыбыз чалынып кетсе, тоголото башка чаппайлы. Кыргызда мындай бар го, баласы тоголонуп кетсе башка чабат го, бул ошондой эле болуп жатат да. Нуржигит, сен Японияга барып окуп келгенсиң да. Ал жерде башка чаппайт. А сен Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди башка чаап жатасың, түз баспайсыңбы деп. Аны тоголотпой кайра мындай кармап, "Айланайын, мындай бол, тигиндей бол" деп койсо болду", - деди Карыпбеков.

Карыпбеков өз сөзүндө Чокоевдин долбоорун колдобой турганын, андайга жол бербөө туура экенин кошумчалайт. Анын пикиринде жигиттер жаңылды, жеме жеди, коомчулуктун соккусун көрүштү андан кийин кечирим сурашты, буга министрликтин наамдан ажыратуу чечими ашыкча.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоевдин ырчылар менен биргеликте жасаган долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, чуу жараткан. Мындан улам Маданият министрлиги Курал Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинен ажыратып, аталган берүүгө тартылган ырчы Кайрат Примбердиевди дагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу каралып жаткандыгын айткан.

Чокоевдин чуулуу долбоору: наамдарынын алынышы боюнча ойлор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nargiza1987k
2021-01-15 12:55:28
Илим сен ошолорду туура кылды десен адам эмес экенсин.
+21
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-15 13:29:59
Биринчи өзү сындап чыкты эле го ошолорду. Деградациянын жеткен чеги деп
+15
nazira...
2021-01-15 13:58:47
Сенин башына чаба турган бала экенсин. Жоголчу нары дөөрүбөй.
+12
ulanik
2021-01-15 14:02:29
Булар озу чын дили менен экоону колдоп жатышабы же Нуржигит Кадырбекоду коро албай эле болушумуш болуп жатышабы. Баары эле ошолорду колдоп жатышат го министр унчукпай мейли деп жатып алса дагы айтып чыгышмак да эмнеге карап койбойт деп кыскасы тушунбойсун =)
+11
Syrbek_90
2021-01-15 14:28:48
Сен эле калдын эле озунду ондоп алчы биринчи
+8
Salixa.
2021-01-15 15:31:49
Таң каласың,кызыл тазыл кийинип ,эркек же аял эмес ,көрүнүштору ,сахнага чыгып ,ойду тоону сүйлөп олтурушса эле Маданияттын мыкты кызматкери эсептелеби,????
+5
Aimani
2021-01-15 15:33:31
Эмне эле биз кыргыздар бир кемчилик көрсөк эле баса калып тепкилеп,жер менен жексен кылып салабыз.Туура эмес кылганын моюндашты,кечирим сурашты.Аллах деле кечиримдуу биз пенделер эмне болуптурбуз.Кечиримдуу бололу.Экинчи кайталашпайт деп ишенем.
-5
nazira...
2021-01-15 20:56:43
Aimani,балээсинеби өзжөрүнөн кетти,
+2
Merch
2021-01-15 23:07:25
"Бирөөнү жазаласаң, миңине сабак"- деген жакшы сөз бар. Министрлик туура эле кылат. Жаш дегидей 20-25 жашта болсо бир жөн. Ошолордун жаштыгы калдыбы?
+3
arimaz89
2021-01-16 07:50:03
Министрлик туура эле кылып жатат. Илим акылдуу болуп кеткен го? Кезинде оозуна ак ит кирип, кара ит чыкпай эле түз жүргөн Чынара Капарованы кандай чаптың эле башына?! Ушул акылың ошондо кайда эле?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан