Нургүл Шарипова республикалык “Мыкты мугалим-2013” сынагынын жеңүүчүсү болду

Бүгүн, 4-октябрда Бишкеrтеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө карата жарыяланган "Мыкты мугалим-2013" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чарага билим берү] жана илим министри Канат Садыков, Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышты. Жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:

“Мыкты мугалим"

1-орун - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №4-мектеп-гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Нургүл Шарипова. Ноутбук жана смарт ТВ тибиндеги сыналгы менен сыйланды. 

2-орун - Тимур Арипов, Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясынын мугалими. Смарт ТВ  тибиндеги сыналгы менен сыйланды. 

3-орун - Сезим Чотиева, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №1-орто мектептин мугалими.  Смарт ТВ  тибиндеги сыналгы менен сыйланды. 

"Айылдын мыкты мектеби" 

1-орун - Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун С.Жунушов атындагы орто мектеп. 80 миң сом менен сыйланды.

2-орун - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы А.Осмоналиев атындагы орто мектеп. 55 миң сом берилди.

3-орун - Ош облусундагы Алай районунун Т.Сатылганов атындагы орто мектеп. 40 миң сом тапшырылды.

"Мыкты инновациялык мектеп"

1-орун - Балыкчы шаарынын С.Каралаев атындагы жатак-мектеби. 80 миң сом менен сыйланды.

2-орун - Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Ч.Айтматов атындагы жатак-мектеби. 55 миң сом менен сыйланды.

3-орун - Талас облусундагы Манас районунун "Манас" жатак-мектеби. 40 миң сом менен сыйланды.

"Мыкты бала бакча"

1-орун - Ош облусундагы Өзгөн районунун "Наристе" бала бакчасы. 70 миң сом берилди.

2-орун - Бишкек шаарынын "Айжаным" бала бакчасы. 55 миң сом менен сыйланды.

3-орун - Ош шаарынын №35-бала бакчасы. 40 миң сом берилди.

Жылдын мыкты мугалими аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан