Маданият министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча үн катты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Ал бүгүн, 15-январда эмгек жамаатка тааныштырылганы ырчы тарабынан белгилүү болду.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан ырчыны окуу жайдын эмгек жамааты кабыл албай койгонун кабарлашты.

"Музыкалык окуу жайдын кызматкерлери жаңы жетекчини кабыл албаптыр. Учурда министрлик тарабынан соттун чечими боюнча кайрадан апелляциялык арыз даярдалып жатат. Мыйзам талаасында иш жүргүзөбүз", - дешти мекемеден.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми 2017-жылы Самара Каримова Оштогу "Сулайман-Тоо" музей комплексине башкы директор болуп дайындалып, коомчулуктун сын-пикиринен кийин өз каалоосу менен кызматты тапшырган.

Караколдо салмагы 7 килограммга жакын ымыркай төрөлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zhaynak
2021-01-15 17:51:59
Эми кимге болсо да белгилуу да туура эмес кадам болуп жатканы. Жон эле койбоптур да Асан брат. Самара сотто кантип утуп алды? Стаж нол болсо. Ошол жамаат менен бир кун иштебесе. Маданияттын "М"сы да жок экен.
+26
Taalaibek.
2021-01-15 18:47:31
Ушул кыздын жолу жок экен. Чон болом деп эле бир кундон кийн кайра тактан кулап эле тушот да. Мумкун такка отургузуп койсок кантет?
+18
NURSAPAR
2021-01-15 18:55:17
Taalaibek.,Туура айтасың креслону жакшы көрсө депутат кылып шайлап албайлыбы.
+8
Napaleon
2021-01-15 19:41:54
Самара ишине ийгилик, ит уро берет, кербен журо берет.
-28
JaneEr
2021-01-15 19:19:24
Олуп эле калдыда бир жолу Каримова(((
+18
Aky12
2021-01-15 19:47:02
Асан ака каерде иштейт? Билгендер айтып койгулачы?( Самара байкушту элге жаман корсотуп ар жерге тыкмалабай, озу иштеген акчасына эле багып албайбы деген ой кетти да)
+16
mega777
2021-01-15 19:47:12
Самаш менен А[moderated]ин ою оо алыстарда.Баскынчылык жол(коллектив кабыл албаса деле барып алганы)менен болсо да эптеп директорлукка илээшсе,2-3жылда депутаттыкка ат койот. Бул кадам булар үчүн бийликке "визитная карточка"
+17
mega777
2021-01-15 19:53:04
Суперге өтүнүч.Кайсы бир кадр жетекчиликке бараарда анкетасын,эмгектерин,билимин,иш тажрыйбасын жазчу элеңер.Самара Каримованы дагы чыгаргылачы.Жогорку окуу жайынын директору болуп атпайбы,келечек муун жаштарды кайсы билимдик тажрыйбасынан деңгээлинде окутат экен?
+17
zilish_kg
2021-01-16 07:28:05
mega777,чыгара алышпайтко.
+1
nazira...
2021-01-15 20:47:00
Рас кылышыптыр.
+4
TIMON_BERKOWITZ
2021-01-15 21:47:28
Кресло дегенде олот экен го..
+11
ika8086
2021-01-15 21:59:03
директорлук креслону сатып алдыда мындайча айтканда.Биз да эч болбосо диплом сатып алсак болобу,каерде,каякта,ким жасаарын айтып койгулачы.Катардагы мугалим болгум келет.Мээ бар диплом жок.Сатып алып ишке орношсо болотго менимче.ЖК дипломду сатып алып депутат болгондор толтура,оло катасы коп,тажрыйбасы ноль.Ага караганда «МЕН»деген
+10
ika8086
2021-01-15 22:17:37
ошондо министр
0
ika8086
2021-01-15 22:24:52
ошондо министр дагы,соттор дагы ушу каяктагы тажрыйбасы ноль эч ким сыйлабаган диплому жок окуусун сырттан окуган студентти кантип директор болсун деген чечимди чыгарып бергенине таң калдым.Биз сыйлаган Нуржигит Кадырбековда колдоп жатабы.Ооба,Самарада шыңгыр ун бар,бирок тажрыйбасы жок,билими жок.Самараны директор кылбай башка талапкер жокпу.Эмнеге бир адамды жумуштан алып,акчасы бар билими толук кандуу эмес Самараны колдоп жатасынар.
+11
nazira...
2021-01-15 23:34:50
ika8086,жапаровчу ага не дейсинер, эгерде чын болсо
0
arimaz89
2021-01-16 06:47:59
ika8086,Азыркы министрде эмне айып? Ал законго баш ийип жатат. Самараны алгач ирет ошол жумушка ким шайласа ошол көңдөй баш!
+3
Tiken
2021-01-16 00:02:03
Жамаат кабыл албагандан кийин кайра эле ал эшикти неге сузгулойт Самара??? Тажрыйбасы жок, кесипкой болбогондон кийин... Кайран Аскен аракетти кучтуу эле кылган экен Эми...
+8
gulya583
2021-01-16 02:48:38
Уят, уят, уят. Ото уят Самара менен Асанга. Деги эле менин оюмча Асанды таптакыр иштен кетириш керек. Онолбойт эми
+7
arimaz89
2021-01-16 06:44:45
Мунун моралдык укугуна доо кетирген ким болсо ошол төлөп берсин келтирилген айыпты! (Кайсы көк мээ шайлады экен ушуну!) Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп, өзунө окшогон бирөө шайлаган да кезинде акчага азгырылып! Азыркы министр бир кадам жакындатмак эмес буга окшогон чала сабатты.
+4
Isikkolumkeremet
2021-01-16 10:10:28
Гулшайыр Садыбакасованы олло баалап кеттим ушу жолу....
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан