УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 15-январь күнү Ош шаарында кармалган.
Ошол эле учурда, УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жараны Шаменов Жантай Махсутович Чүй облусунун аймагында кармалган.
Биринчи Май райондук соту депутат Дүйшөн Төрөкуловду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камаса, ал эми Жантай Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айрым маалыматтарда депутат Оштогу заводдордун бирин коррупциялык жана рейдерлик жол менен басып алган деп шектелүүдө.
Дүйшөн Төрөкулов айрым чөйрөдө "Душка" каймана аты менен белгилүү.