Бишкекте коомдук транспорттун айрым айдоочулары иш таштады

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарында айрым коомдук транспорттордун айдоочулары жумушка чыккан жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаар тургундары кабарлашты. Алардын айтымында, бүгүн жүргүнчүлөр эртең менен жумушка баруу үчүн жолго чыгып, көп убакыт коомдук унаа күтүп калышкан.

Алардын бири Бермет айым дээрлик 1 саат унаа күтүп, жыйынтык болбогон соң жөө басууга туура келгенин айтты.

"Мен жумушка Кара-Жыгачтан келем. Эрте менен саат 6:30да жолго чыктым. Жумушка шашып, саргара унаа күткөндөрдүн арасында мен да бар болчумун. Баарыбыз унаа күтүп, транспорт келбегенине байланыштуу Горький көчөсүнө чейин жөө басып келип, автобуска отурдук", - деди ал.

Бул боюнча Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы Бишкекте жүргүнчү ташыган коомдук кичи автобустардын айрым айдоочулары иш таштаганын жана бул маселе боюнча мекеме иштеп жатканын билдирди.

"Бүгүн эртең мененки саат алтыдан баштап бул маселе боюнча биздин башкармалыктын кызматкерлери, ИИМ жана башка мекеме кызматкерлери иш алып барууда. Айдоочулардын талабы жол акысын көтөрүү болуп жатат. Айдоочуларга коркутуулар да болуп жатат деген билдирүүлөр келип түшүүдө. Биз маселе боюнча иштеп жатабыз, жакында бул маселе чечилет", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек буга чейин коомдук транспорттун айдоочулары жол акысыны 15 сомго көтөрүүнү талап кылышып, эгер алардын талабы ишке ашпаса, иш таштоого бара турганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2021-01-18 10:30:59
Продукта кымбаттады, аларды да түшүнүш керек да.
0
gul3ina
2021-01-19 07:10:00
Маршуртниктер кудайга шүгүр дегиле бизге караганда май чайнап жашайсыңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан