Кечээ, 17-январда орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
"Шереметьево аэропортунан Москванын Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шарттуу жазага кесилген Алексей Навальныйды кармашты. Ал сыноо мөөнөтүн бир нече жолу бузгандыгы үчүн 2020-жылдын 29-декабрынан бери издөөдө жүргөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багыты боюнча учуп бара жатып, өзүн жаман сезгендиктен учак Омск шаарына конуп, ал ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы начар болуп кеткендиктен Германияга которулуп, дарыгерлер анын уулангандыгын аныкташкан.