4-октябрда төрага парламенттин Координациялык кеңеши 9-10-октябрдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти.
Жогорку Кеңеш 9-октябрда "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду кароону улантат. Ошондой эле "1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга КРнын кошулуусу жөнүндө" мыйзамдын долбоору, “2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КРнын өкмөтү менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы КРдагы Федералдык миграциялык кызматтын укуктук статусу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралат.
10-октябрда Жогорку Кеңеш “2013-2014-жылдардагы күз, кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн талкуулаган “Өкмөттүк күн” өткөрүүнү пландоодо. Мындан сырткары “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө”, "Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору жана Ош шаарынын статусу жөнүндө”, Борбор шаардын статусу жөнүндө” мыйзамдардын макулдашылган варианттары каралмакчы.