Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 5-октябрда Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Алгач Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү пахта заводунун иши менен таанышып чыкты. Андан соң Фуркат айылындагы 2 жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан "Актан нуру" балдар бакчасында болду. Иштин 2 жылдан бери бүтпөй жатканын айткан ал курулуш иши үчүн кайрадан тендер жарыялана турганын билдирди. Өкмөт башчы Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүндөгү З.Төрөбеков атындагы мектепке барганда мугалимдер август айы үчүн эмгек акыны эми алганын айтып арызданышты. Сатыбалдиев "Союз мезгилинде айлык-акыны 3-4 ай кечиктирип деле алчу элек го. Азыр Кудайга шүгүр. Бир ай кечигип алсаңар эч нерсе болбойт",- деп жооп берди.