Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата Амир-Темир кичи районунда жаңы мектептин ачылышы болду. Өзбек тилдүү бул мектеп 320 орунга ылайыкташкан. Анын курулушуна мамлекет тарабынан 52 миллион сом бөлүнүптүр. Иш-чарага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдыев, шаар башчысы Мелис Мырзакматов, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева жана башкалар катышып, жергиликтүү тургундарды куттукташты.