Ош. Мэрия "Алай" футболдук клубуна автобус, команда капитанына жеңил автоунаа тапшырды
"Алай" футболдук клубуна берилген автобус
"Алай" футболдук клубуна берилген автобус
"Алай" футбол командасынын капитанына Хонда автоунаасы берилди
Шаардагы мектептерге 150 даана компьютер белек кылынды
Шаар башчы "Алай" футболдук клубунун машыктыруучусу Нурдин Сматовго Ардак грамота тапшырууда
Мелис Мырзакматов "Алай" футбол командасынын капитаны Виталий Тимофеевге автоунаанын ачкычын тапшырууда
Шаар башчы "Алай" футболдук клубунун машыктыруучусу Нурдин Сматовго автобустун ачкычын тапшырууда
Шаар башчы мугалимдерге компьютерлердин сертификаттарын тапшырууда
"Алай" футбол командасынын курамы
Бүгүн, 5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы мектептерге 150 даана компьютер белек кылды. Ал эми "Алай" футболдук клубуна автобус, команда капитанына жеңил автоунаа тапшырды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар жетекчилиги, өлкө аймактарынан келген коноктор катышты. Мугалимдерге компьютерлерди тапшырып жатып, шаар башчы "окуучуларга республикалык олимпиадаларда жеңишке жетише тургандай билим беришиңер керек",- деп белгиледи. Ошондой эле олимпиадада жеңүүчү болгон ар бир окуучунун мугалимине 5000 доллар бериле турганын айтты Мырзакматов.
Автор: Элира Чынтемир кызыФото: Элира Чынтемир кызы