УКМК тарабынан кармалган активист Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда жактоочусу Назира Абышкаева маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Менин жакталуучум тергөөдөн анын шектүү катары кармоого негиз болгон фактыларды талап кылган. Буга карата эч кандай далил көрбөгөндөн кийин, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Мындан тышкары Аспеков менен арыздануучунун ортосунда беттештирүү процесси боло элек", - деди жактоочу.
Жыйында Мелис Аспековдун психологиялык жана физикалык абалы тууралуу да суроо берилди.
"Аспековдун физикалык абалы канааттандырарлык. Ден соолугу боюнча арыздана элек", - деди Назира Абышкаева.