Алмазбек Атамбаев: "Билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат азайбайт"

Президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Каныбек Асранов жана Нарай мектептеринин ачылышына катышып, билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент белгилегендей, көптөгөн жылдар бою Кыргызстанда мугалимдерге жетиштүү көңүл бурулган эмес. “Бирок акыркы жылдарда эле билим берүү тармагынын бюджети үч эсе жогорулап, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин 20 пайызын камтыйт. Билим берүүгө багытталган каражаттын көлөмү азайбайт, биз балдарыбыздан эч нерсе аябашыбыз керек, анткени алар биздин келечегибиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Айта кетсек, Каныбек Асранов мектеби 240, Нарай мектеби 537 окуучуга ылайыкташкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан