Азамат Аспеков: "Байкемдин атына карата жазылган арыз жок"

Бүгүн, 19-январда УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспековдун жактоочусу жана бир тууган иниси Азамат Аспеков маалымат жыйын беришти. Алар бир катар журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Анда Аспековдун иниси агасынын атына арыз жазылбаганын айтты.

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган маалыматты карасаңыздар. Ал жерде Мелис Аспековго карата жазылган арыз жок. Ал эми Улан Жураевге карата арыз бар. Биз арызды сиздерге көрсөтсөк болот. Бул саясий буйрук. Байкемдин эч кандай күнөөсү жок, Кудай алдында, элинин алдында", - деди Азамат Аспеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан