Орусиянын Москва шаарында өткөн "World Beauty 2020" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Татына Жусупова катышып, ал "Miss Asia Beauty 2020" наамына ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына атасы Союзбек Бусурманкулов билдирди.

"Татына 5 бир туугандын эң улуусу. ОшТУда 3-курста окуйт, 20 жашта. Окуусу онлайн болуп жаткандыктан Москвада сулуулук салонунда иштеп жаткан. Аталган конкурска онлайн катышып, өтүп кетти. Финал Москва шаарында 14-17-январь күндөрү болуп өтүп, кызымдын "Miss Asia Beauty 2020" наамын алганын угуп, аябай кубанып, сыймыктанып отурабыз. Кантсе да Кыргыз өлкөсүнөн катышып жатканына башкача толкундоолор болууда",- дейт Бусурманкулов.
Ал эми куттуктап Татына Жусупованын өзүнө байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
"Биринчиден жакшы сөзү менен болсо да дем берип турган кыргыз элиме ыраазычылык. Андан соң мени колдогон ата-энеме, жакындарыма рахмат айтам. Конкурс аябай жакшы өттү. Чындыгында аябай толкундандым. Анан учурдан пайдаланып, мага финансылык жактан чоң колдоо көрсөткөн мигранттарга ыраазычылык айтам",- дейт Жусупова.

