Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып чыгышты

Бүгүн, 19-январда саат 14:30да Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук каттамдын айдоочулары менен жолугушуу өткөрөт. Анда айдоочулар Балбак Түлөбаев менен жолугушуп, жол киренин баасын 10 сомдон 15 сомго чейин, пенсионерлерге 5 сомдон 10 сомго көтөрүүнү суранышат.

Учурда айдоочулар Октябрь райондук акимчилигинин алдына чогулуп, Балбак Түлөбаевдин келишин күтүүдө.

Айдоочулардын айтымында, кичи автобустар жаңы конуштарга каттап, унаалар бат бузулат. Транспортту оңдоого кеткен чыгымдарды, күйүүчү майлар кымбаттап жаткандыгын, салык жана ижара төлөмдөрүн эске алганда өздөрүнө киреше болбой каларын билдиришип, жол кирени 15 сомго көтөрүү талабын коюп чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kuban-1207
2021-01-19 14:20:56
10 com өлтүрбөйт
+2
nazarnew
2021-01-19 14:23:54
20 сом кылгыла, а то бул чимкириктерге пофиг, а элде акча көп. Себеби мигранттар бабки жиберип турушат.
-8
Rinat98
2021-01-19 14:34:38
nazarnew,таза элесинби сен,студенттерчи, школьниктерчи ойноп суйлосонда ойлонуп суйлосон!!
+9
Jacob.
2021-01-19 14:38:19
nazarnew, мигрантарга ал жакта акча жаап жатыптырбы?
+6
Jalal76
2021-01-19 19:57:31
Садыр Жапаров каякты карап отурат, бензин кундон кунго которулуп жатат. Арзандатпайбы
+3
Kuban-1207
2021-01-19 14:29:15
12 сом нормалный
-4
Kuban-1207
2021-01-19 14:29:47
Автобус киргизгиле маршрутка эл батпайт тыгылыш
+7
nazira...
2021-01-19 15:52:31
Кетсе кете.беришсин, башкалар иштүү болушат. Өзүндү эр ойлосон, бирөөнү шер ойло дейт, сенден да кыйындар бар, маршрутканы ким айдай албасын. Дубана таарынса куржунуна залал.
+4
gul3ina
2021-01-19 20:24:19
Алкымыңарды тыйгыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан