Конституциянын долбоору иштелип бүтө элек

Конституциянын долбоору иштелип бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, долбоор качан Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлө турганы белгисиз. "Конституциялык долбоорду бүтө албай жатабыз. Парламенттин кароосуна качан жибериле турганы белгисиз. Азыр дагы иш алып барып жатабыз", - деди ал.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргенин президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан