Парламентте шайлоолор жараксыз деп табылганда күрөөлөрдү кайтарып берүү механизмдери сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорунда шайлоолор жараксыз деп табылган учурда, президенттикке талапкерлер менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү механизмдери камтылганын айтты.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралып, анын концепциясы жактырылды.