Ырчы Тамга менен рэпер Бегиш "Ак салкын" тасмасына тартылууда. Учурда тартуу иштери башталган тасмага режиссёрлук кылып жаткан Эрнест Абдыжапаров буларды билдирди.
"Мындан 15 жыл мурда "Боз салкын" тасмасын Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев жана Коргонду-Булак айылдарында тартканбыз. "Ак салкын" тасмабыз дагы дал ошол аймактарда тартылууда. Тасмабыздын каармандары жаңы, окуялар башка, бирок ошондой эле лирикалык комедия. Башкы ролдордо ырчылар Тамга менен Бегиш", - дейт режиссёр.
Ал эми рэп ырчысы Бегиш тасмада биринчи жолу роль жаратып жатканын айтат.