Президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Нарай айылындагы жана Каныбек Асранов атындагы мектептердин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздердин кесип сый-урматка татыктуу, ал эми "мугалим" деген сөздү адамдар ыраазычылык жана урмат менен кабыл алышат. Эң катаал мезгилдерде да сиздер өз кесибиңерди таштабай эмгектендиңиздер. Сиздер бүт убактыңыздарды биздин балдарды окутуп, тарбиялоого коротосуздар, өз өмүрүңүздөрдү мамлекеттин келечегине арнадыңыздар”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президент белгилегендей, мектеп балдарга билим гана эмес, нравалык тарбия да бериши керек. “Силер жакшы окушуңар керек, анткени өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан Уркуя Салиева, Төрөбай Кулатов жана Насирдин Исановго окшогон жердештериңер сыяктуу көрүнүктүү адамдар чыксын”, - деди өлкө башчы. Мамлекет башчысы мектептерге окуу китептерин жана компьютердик техникасын тартуулады.