Бүгүн, 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандумга каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу митингдин катышуучулары кабарлашты. Саруу айылында учурда 150дөй киши чогулду жана Каракол шаарынан 200дөй адамдын кошулушу күтүлүп жатыптыр. Акциянын катышуучулары: “Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоону талап кылабыз. Бийлик сунуштаган кадам бизге туура келбейт. Керек болсо Каракол шаардык администрациясын басып алабыз”,- дешет катышуучулар.