UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Абу-Даби шаарында яхтасы менен жүргөн сүрөттөрүн жүктөдү.
"Менин аралым" деп жазды сүрөттүн астына Макгрегор.
Учурда Макгрегор Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында жүрөт. 24-январда дал ушул шаарда "UFC 257" турнири өтөт. Бул турнирде Конор Макгрегор америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы беттешке чыгат.