Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данек Текебаева учурда Мальдив аралында бал айын өткөрүп жатат.
Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына сүрөт киргизип, бактылуу көз ирмемдери менен бөлүшүп жатат.
Анда көпчүлүк колдонуучулар саясатчынын кызынын ачык кийимин талкууга алышты.
Ай-Данек айтылган сындарга жооп берип, күлкүлүү сүрөт жүктөп, "пляжга мына ушундай болуп гана барыш керек", - деп жазды.

Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данек Текебаеваны турмушка узатканы буга чейин кабарланган.