Президенттик башкарууну колдоп 1 миллион 133 миң 485 шайлоочу добуш берди. БШК референдумдун жыйынтыгын жарыялады

Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 1 миллион 394 миң 218 адам добуш берген. Жокко чыгарылган 10 шайлоо тилкесинин жыйынтыгы киргизилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда БШКнын отурумунда шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев бул боюнча баяндама жасап жатып билдирди.

  • Президенттик башкаруу 81,30 пайыз (1 миллион 133 миң 485);
  • Парламенттик башкаруу 10,90 пайыз (151 миң 931);
  • Баарына каршы 4,46 пайыз (62 миң 145).

Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү токтом долбоорун кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан