Орусияын борбору Москва шаарынын четинен 33 жаштагы Кыргыз жараны жуунуп жатып, иштеп жаткан кир жуучу машинага тийип, ток уруп каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, маркум жеткирүү кызматында курьер болуп иштеп, аялы менен батирде жашачу. Буга чейин жубайлар батирдин ээсинен электрикти чакырууну суранышкан, бирок ал жөн гана суу колдонуу учурунда электр шаймандарын өчүрүп коюуну айткан.
Маркум жуунуп жаткан учурда кир жуучу машина титиреп келип, ага тийип ток урганы белгилүү болгон. Буга чейин да кир жуучу машина бир нече ирет ток урган.