Бүгүн, 21-январда Италия Суперкубогунун финалында туриндик "Ювентус" клубу менен "Наполи" клубу кез келип, оюн 2:0 эсебинде туриндиктердин жеңиши менен аяктады.
Оюндун 64-мүнөтүндө атактуу футболчу Криштиану Роналду гол жаратып, карьерасындагы 760-голун киргизип, футбол тарыхындагы абсолюттук рекордду жаңылады. Роналду "Спортинг", "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид", "Ювентус" клубдарында жана Португалия курамасында жалпы 1 миң 36 оюн өткөргөн.
Голдордун саны боюнча буга чейинки абсолюттук рекорд чехиялык чабуулчу Йозеф Бицанга таандык болчу. Ал 1931-1955-жылдар аралыгында 759 гол киргизген.
"Ювентус" - "Наполи" (2:0);
Голдор: Криштиану Роналду (64-м), Альваро Мората (90+5-м).