Интернетке "ЗиЛ" эс алуу базасында пакистандык жаран сабалгандыгы тууралуу видео жарыяланды. Анда эки жигит бир баланы ур-тепкиге алып жаткандыгын, андан соң башка балдардын аралашкандыгын көрүүгө болот.
Ошондой эле айрым интернет колдонуучулар таяк жеген жаран пакистандык экендигин жазышууда.
Аталган окуя боюнча "ЗиЛ" эс алуу базасына байланышканыбызда, атын атагысы келбеген администратор кызматкери төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Биз бул боюнча эч нерсе билбейбиз. Чет өлкөлүк жарандар бар болчу эс алуучулардын арасында. Ызы-чуу эмнеден улам чыкканынан кабарыбыз жок. Ысык-Ата райондук милициясы келип териштирип кеткен. Уруш дем алыш күнү болгондуктан эс алуучулардын саны көп болчу. Эки тарап тең эс алууга келгендер", - дейт администратор.
Ал эми бул тууралуу Чүй облустук милициясына байланышканыбызда окуя боюнча маалымат такталып жаткандыгын билдиришти.