Бүгүн, 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалымат жыйыны саат 15:00дө белгиленген. Бирок жыйын саат 15:20да башталды.
Кечээ, 20-январда аталган комиссия мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгын жарыялаган. Анда Садыр Жапаров президент болуп катталган. Ал эми президенттик башкаруу формасы көп добуш алганы боюнча токтом кабыл алынган.
Учурда Нуржан Шайлдабекова ушул боюнча маалымат берүүдө.