3 оору менен алышып 6 операцияны башынан өткөргөн Малика (видео)

20 жаштагы Адина Алик кызы 2019-жылдын 24-майында кызы Маликаны жарык дүйнөгө алып келген. Бир жаш 10 айлык Малика бүгүнкү күндө үч оору менен күрөшүп жаткан кези. Ал төрөлгөндө эле мээ-жүлүн грыжасы, гидроцефалия (мээ көңдөйүндө мээ-жүлүн суюктугунун топтолушу) деген диагноздор коюлган, мындан сырткары тарамыштары тырышат.

"Бул убакытка чейин кызыма алты жолу операция жасалды. Аркасындагы грыжасын төрт жолу алып, башына шунт аппарат коюшкан. Эми алтынчы операциясын жасаттык. Мындан мурун экинчи даражадагы "Арнольд Киари синдрому" деген диагноз коюшту. Аны бир гана Орусиянын Новосибирск шаарында 30 миң долларга операция жолу менен айыктырууга мүмкүнчүлүк бар экен. Ай сайын ооруканада жатканыбызга, дарыларына жана эң башкысы чет өлкөдө жасала турчу операциясына мээримдүү элибизден жардам сурайбыз. Учурда ата-энем менен турабыз, жолдошум кызыбыз төрөлгөндөн кийин майып экенин укканда эле качып кетти, анын азыр кайда экенин да билбейм", - деди Адина.

Маликанын абалы видеодо толугурак чагылдырылды.

"Кызым майып төрөлгөнүн укканда эле атасы бизди таштап кетти"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
URTI
2021-01-21 22:55:59
Аллах таала шыпаасын берсин!
+21
Janyl98
2021-01-22 00:07:06
Жараткан Тенирим колдоп, ден соолукта болсун.
-2
erkekyz1
2021-01-22 09:39:54
Аллахым шыпаасын берсин. Дүйнөдө энелер жана балдар оорубасынчы!
+10
Janyl98
2021-01-22 12:25:29
Жараткан Тенирим ден соолук берсин
0
Haanykeim
2021-01-24 14:20:49
Аллахым шыпаасын берсин!
+5
Nursul
2021-02-23 19:45:30
Аллахым шыпаасын берсин
0
madina.87
2021-02-23 21:27:59
Шыпаасын берсин Аллахым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан