Митингчилер бүгүн, 7-октябрда Балыкчы-Каракол жолун тосушту деген маалымат жалган. Муну Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаев билдирди.
Айтымында, облуста абал туруктуу жана Саруу айылындагы акциянын катышуучулары мыйзамсыз кадамдарга барышкан жок. “Митингге чыккандар Саруу жана Кызыл-Суу айылдарынын жашоочулары. Алар августтун аягында “Кумтөр” компаниясынын менеджеринен 3 миллион доллар талап кылып, камалган балдардын тарапташтары. Алар “Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоону талап кылышууда. Караколдо нааразылык акциясын башташканда алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм”,-деди Эмилбек Каптагаев. Аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбековдун айтымында, учурда Каракол шаарында митингчилер жок.