Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруунун үстүндө иштеп жатат. Ырчы чыгарма даяр болсо мамлекеттик делинген каналдардан, радиолордон уктуруп, көрсөтүүгө аракет кыларын жазып чыкты.
Жогорудагы билдирүү боюнча Кайрат мырзага байланышып, ырларын уктурууга тыюу салынганбы, жокпу билүүгө аракет кылдык.
Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу программасына конок катары катышкан Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча сунушту президенттик аппаратка расмий жөнөткөн.
Президенттик аппаратка караштуу сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы министрликтин сунушун канааттандырган эмес.