Турсунбек Акун жаңы акыйкатчыга иш бөлмөсүн бошотуп бербептир

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катышкандарды жоопко тарттырарын айтып жатат.  

Учурда Акун иш бөлмөсүндө отурат, жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев ага каршылаш турган бөлмөгө жайгашты. Буга чейин ал жаңы шайланган акыйкатчыга бөлмөсүн бошотуп берерин айтып жаткан эле. “Ооба, мен өзүмдүн иш бөлмөмдө отурам. Бакыт "бошотуп бер" дегенде башка бөлмөгө кетмекмин. Ал менин иш бөлмөмө каршы турган бөлмөгө жайгашты. Ал жерде мурун менин кеңешчим отурган. Менин иш бөлмөмө караганда ал чоң,- дейт Акун.

Кримавторитеттин бошотулуусуна катышкандар жазасын алуусу үчүн президентке кат жазарын, тегерек столдорду өткөрүп, эл аралык укук коргоочу уюмдарга кайрыла турганын айткан Акун: “Бакыт менден кеңеш сураса жардам берип, расмий эмес кеңешчиси болуп турам",- деп кошумчалады. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан