КРнын Баскетбол федерациясынын президенти Анвар Дунларовдун буйругу менен федерациянын вице-президенти болуп ЖКнын депутаты Бахтияр Кадыров дайындалды. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти. Бахтияр Кадыров СССРдин баскетбол боюнча спорт чебери. Учурда парламент депутаты.