17-октябрда "Манас Ордо" комплексинде 92 күндүк "Манас" айтуу аяктайт

Талас облусунун "Манас Ордо" комплексинде 15-июлдан 17-октябрга чейин белгилүү манасчы Улан Исмаиловдун аткаруусунда "Манас" эпосу айтылып жатат. "Манас" эпосу жалпы 92 күн айтылат. Манасчы бир күндө 10-15 сааттан айтууда. Улан Исмаиловдун "Манас" эпосун айтып жаткан үнү 17-октябрь күнү толугу менен жазылып бүтөт. Манасчыны колдогонго белгилүү манасчылар Рыспай Исаков жана Дөөлөт Сыдыков келген. Алардын да "Манас" айткандары жазылып жатат. Каалоочулар барып жандуу үн менен айтылган "Манас" эпосун укса болот. Бул иш-чара "Улуу баян" коомдук фондунун жардамы менен өтүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан