Журналист Кундуз Ажибекова бүгүн, 22-январда социалдык тармактагы жеке баракчасына Кой-Ташта 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяны чагылдырган видеону жайгаштырды.
Ал жарыяланган видеонун астына "Видеодо "Альфа" атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта бейкүнөө жана жардамга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан", - деп жазган.
Бул боюнча Ажибековага байланышканыбызда, ал видеону ким тартканы белгисиз экенин, дарыгердин абалы тууралуу кабардар эмес экенин айтты.
"Бул окуя Кой-Таш окуясы учурунда болгон. Мага жеткен маалыматтар боюнча, алар Атамбаевди издеп, анын дарыгерин ушинтип сабашкан".
Ал эми окуяга тиешеси бар деп жазылган "Альфа" атайын багыттагы аскерлер бөлүгү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине байланышканыбызда, мекеме окуя боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.