“Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоо процесси шоуго айланды”,- деди 7-октябрдагы маалымат жыйында аталган кызматка талапкерлердин бири Рита Карасартова. Акыйкатчы боло турган адамдын жарандардын укугун коргоо боюнча тажрыйбасы болушу шарт деген активист буларды айтты: “Депутаттар укук коргоочуларды укпай туруп бардык каалоочуларды талапкер кылып чыгарып коюшту. Жаңы шайланган акыйкатчы тууралуу жаман нерсе айта албайм. Анын өмүр баянын карап, бийликке оппонент болууга тажрыйбасы жок экенин түшүндүм. Биз укук коргоо тармагында парламенттин ар бир чечими так болушун каалайбыз”.