Легендарлуу орусиялык мушкер Фёдор Емельяненко коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, Москва шаарындагы ооруканага жатты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Емельяненко Москва шаарындагы коронавирус менен ооругандарды дарылоого адистешкен №52 клиникалык ооруканага жаткырылган. Анын абалы учурда белгисиз.
44 жаштагы Фёдор Емельяненко ММА тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири болуп эсептелет. Ал карьерасында жалпы 46 беттеш өткөрүп, анын 39унда жеңүүчү аталып, 6 ирет жеңилген. Дагы бир беттеш жараксыз деп табылган. Емельяненко акыркы беттешин 2019-жылы декабрь айында америкалык мушкер Куинтон Жексонго каршы өткөрүп, атаандашын биринчи бөлүктө эле нокаутка учураткан.