Бишкек шаарынын "Ош базарынан" тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта ар кандай пикирди жаратууда. Видеодо рейд жүргүзүп жаткан кызматкерлер менен базардын соодагеринин ортосунда пикир келишпестиктен улам мушташ болуп жатканын көрүүгө болот.
Бул боюнча Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берилди.
"18-январь күнү Бишкек шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, "Ош базарынын" аймагындагы соода-сатык жерлерди иретке келтирүү жана санитардык-гигиеналык стандарттар сакталбай жаткан учурларды текшерүү боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Ленин РИИБинин милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты.
Видео боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда жарандардын эч кимиси арыз же даттануу менен милицияга кайрылбагандыгын маалымдайбыз", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.